Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлгө секирип жанын кыюуга аракет кылган кызды милиция кызматкери куткарып калды

03.02.2022 15:06
946
Ысык-Көлгө секирип жанын кыюуга аракет кылган кызды милиция кызматкери куткарып калды


Балыкчы шаарында милициянын аймактык ыйгарым кызматкери, өзүнүн өмүрүнө кол салып, көлгө секирип түшкөн кызды куткарып калууга жетишти, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, кечээ, жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз, кыязы, сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери, дароо окуя болгон жерге милициянын жакынкы кезметтерин жиберишет.


Окуя болгон жерге биринчилерден болуп, өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым кызматкери Амантур Бакиров келет. Убакытты текке кетирбей, ал кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну суранат. Бирок, сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирет, кызды сактап калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө чумкуйт. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээкке чыгарууга үлгүрөт. 


Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардамды көрсөтүшүп, аны ооруканага жеткиришет. Учурда, кыздын ден-соолугуна коркунуч жок жана бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. 


Милиция жарандарга өз өмүрлөрүнө өзгөчө маани менен кам көрүү зарылдыгын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн