Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:14
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ысык-Көлдө карантин эрежесин бузган адам обсервацияга алынды

19.05.2020 11:39
944
Ысык-Көлдө карантин эрежесин бузган адам обсервацияга алынды


Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Түп районунун Талды-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканада обсервацияга алынган. 


Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок 17-18-майда үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.


Маалыматка таянсак, учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн