Искандер Гайпкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу АКИпресс жазды.
Маалыматка караганда, кайра дайындоо учурунда Гайпкулов кызматынан алынган.
Өкмөт Аппараты менен Президенттин Аппараты бириккенден кийин Искандер Гайпкуловдун ордун Президенттин Администрациясынын Стратегиялык өнүгүү саясаты жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп турган Аскат Турдумаматович Беков ээледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн