Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Искендер Гаипкулов: Мен кайда жүрбөсөм дагы, Садыр Жапаровдун саясатын колдойм

21.05.2021 20:39
1231
Искендер Гаипкулов: Мен кайда жүрбөсөм дагы, Садыр Жапаровдун саясатын колдойм


Мелис Аспековдун президент Садыр Жапаров Бакиевдер койгон шарттарды аткарат деген сөзү куру сөз, деп президенттик администрациянын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн экс-башчысы Искендер Гаипкулов камактагы активисттин сөздөрүнө комментарий берди.


Аспековдун айтымында, президент "өз ара макулдашуу менен Гаипкуловду президенттик администрациядагы кызмат ордуна дайындаган".


"Кантип Бакиевдер Жапаровго бир нерсени буйрук кылышы мүмкүн? Алардын буга эч кандай тиешеси жок. Мен Мелис Аспековду деле билбейм. Мен аны муну кайдан алганын түшүнбөйм. 2010-жылдан кийин мен Бакиевдер менен байланышкан эмесмин. Ал кайдан ушундай тыянак чыгарса болот? Бакиевдин тушунда мен өз жумушумду жасадым. Эми мен аны менен байланышпайм. Мен ар дайым мамлекет үчүн баарын жасадым, өз убагында Текебаев, Мырзакматов жана бардык саясатчылар менен иштештим. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир нерсе жасагандарды кайсы тарапта болбосун ар дайым колдойм. Мен мамлекеттик кызматкермин", - деди саясатчы.


Анын айтымында, Садыр Жапаров менен мамилеси жакшы.


"Мен кеткенден кийин, албетте, президент менен байланышта болдум. Жумушдун жеке мамилелерге тиешеси жок. Мен ага эмнеге таарынышым керек? Бул мамлекеттик кызмат. Мен тапшырмаларымды аткардым. Азыр жаштар келишти, жаңы команда. Менин оюмча, алардын колунан келет. Мен кайда болбоюн Жапаровдун саясатын колдойм жана колдой берем. Ал баарын өлкө үчүн жасайт. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан бардык карыздарын төлөп бериши үчүн мамлекеттин экономикасын көтөрүүнү каалаган катаал саясатчы. Кантип аны колдобош керек? Ал эми ал жөнүндө жаман сөздөрдү айткандар өлкө туруксуз болушун каалашат. Булар эч кандай кызмат ордун ала албай калгандар же талаптары аткарылбай таарынган адамдар. Эл баарын көрүп, президентти колдоп жатат. Менимче Жапаров баарына жетишет. Алты айда ал башкалар 30 жыл жасай албаган нерсени жасады", - деп билдирди ал.


Ошондой эле саясатчы бүгүн КМДБ имаратынын алдындагы митингчилер эмне үчүн аны жана Арзыбек Буркановду муфтияттын ишине кийлигишип жатат деп жатышканын түшүнбөгөнүн айтты.


"Мага эмне кереги бар? Менин кайсыл ишке кийлигишип жатканымды так айтып беришсин", - деди Гайыпкулов.


Эске салсак, бир нече күн мурда Искендер Гаипкулов өз ыктыяры менен президенттик администрациянын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн