– Исмаил Исакович, “Кумтөр” иши азыркы бийликтин “тагдырын” чече турган маселеге айланып калды. Сиз көп жылдан бери “Кумтөр” мамлекетке алынышы керек деп жүргөн адамдардын бирисиз. 2012-жылы парламентте “Кумтөр” маселеси каралганда депутат элеңиз. Бийликтин азыркы аракетин колдойсузбу?
– Президент Садыр мырзанын “Кумтөрдү” мамлекеттин пайдасына алуу аракетин баарыбыз колдоп, жардам дагы беришибиз керек. Мындай аракеттерди кыргыздын патриот адамдары, депутаттары Садыр мырзага чейин “Кумтөр” иштей баштагандан тартып, айтып дагы, аракеттерди жасап дагы келишкен. Тилекке каршы, андай аракеттер ишке ашпай, Премьерминистр өлтүрүлүп, Жогорку Кеңеш таратылып, эл шайлаган Президенттерибиздин колдоолору менен “Кумтөрдүн” кожоюндары утуп келишкен. 2010-жылы өлкөдө парламенттик-президенттик башкаруу орноп, парламенттин күчү жогорулагын мезгилде “Ата Журт” партиясы бийликке оппозиция болуп, шайлоодо көпчүлүктүн добушун алышып, Жогорку Кеңеште таасирдүү фракциялардын алдыңкыларынан болгон. Ошолордун демилгеси менен 2012-жылы “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын башына Ысык-Көлдүн кулуну, элдин, жердин шартын жакшы билет деп Садырды комиссиянын төрагасы кылып шайлаганбыз. Депутаттык иликтөөнүн жыйынтыгында, Садыр баш болгон комиссия “Кумтөрдү” мамлекетке алуу сунушун киргизишкен. Мындай сунуш “Кумтөрдүн” жетекчилерине жаккан эмес, алар ошого чейин Акаевин баш кылып, Бакиевин төш кылып, келишимдерди өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштей тургандай өзгөртүшүп, Жогорку Кеңештин жана Конституциялык палатанын чечимдери менен “бетондоп” алышкан позицияларынан жана эбегейсиз чоң кирешеден кол жуушун каалашкан эмес. Алар колдорунан келген аракеттерди жасашып, болгон жана болбогон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашып, өз позицияларын сактап калууга умтулушкан. Ошондо, бийликтин партиясы СДПКнын ичинен бир гана мен Садыр мырзанын сунуштаган долбоорун колдоп бергем. Садырга чейин өзүбүздүн алтыныбыз элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштеши керек деп аракет кылган депутат катары колдогом. Садыр мырза сунуштап,биз колдоп берген долбоор өтпөй калганда, Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия түзүлгөн болчу. Эң кызыгы, Сариев башында турган мамлекеттик комиссиянын чечимдерин ошол эле “Ата Журт” партиясынын депутаттары “абдан жакшы чечим” дешип, кийин колдоп беришкен. Ким, кандай добуш бергендерин алып карасаңар болот. Бүгүн, 2012-жылы Садырдын долбоорун колдогон эмессиң, же кийинки долбоорду колдоодо депутаттарга басым жасагансың, же мындай добуш бергенсиң деген ой менен кимдир бирөөнү жазага тартуу такыр туура эмес, ага мыйзам дагы жол бербейт.
– “Кумтөр” маселеси эл аралык сотто каралууда. Депутаттардын Конституциянын нормаларын, мыйзамдарды бузуу менен кармалышы, эл аралык сотто бизге каршы иштеп калышы мүмкүнбү?
– Туура, азыр “Кумтөр” иши эл аралык сотто. Ким кандай айтпасын, биз эл аралык соттон ута албайбыз. Себеби, ал жерде биздин соттордой эмес, өтө так каралат. Кыргыз бийлиги көп нерсеге уруксат берип, мыйзамдар менен бекитип беришкен. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалып олтурушу дагы бизге каршы иштейт. Азыркы Конституцияда депутатты айткан ой-пикир, добуш бергени үчүн, кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугусуз камоо мүмкүн эмес деген норма жазылган. Канадалыктар “Бизди жамандаш үчүн булар өздөрү кабыл алган Конституциясын бузуп, эки депутатын камап, аларга басым жасап, бизге каршы көрсөтмө алып жатат” деп Конституцияны көрсөтсө, эл аралык сот чалкасынан кетет. “Кумтөрдү” өзүбүзгө алуунун бир гана жолу, “Центерра” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарыш керек. Анткени, “Центерра” туура эмес түзүлгөн, парламенттин макулдугу болушу керек эле. 2000-жылдары биз депутат болуп турганда парламентке 2 жолу алып келишкен. 2 жолу тең биз четке какканбыз. Азыркы аракет дагы жакшы, бирок эл аралык сотто утуш өтө кыйын. Себеби, баардык былык иштерди жасап берген өзүбүздүн бийлик.
– Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун камалышы “депутаттык комиссиянын сунушуна каршы чыккан” дегенге барып такалууда. Мындай логикага сала турган болсок, комиссиянын токтомуна каршы добуш берген депутаттарды тегиз камоо керек эле да. Буга кандай дейсиз?
– Асылбек төрага болуп иштеп турганда өзүнүн милдетин өтө дыкаттык менен жогорку профессионалдуу деңгээлде аткарып, балык деңизде өзүн кандай эркин сезсе, ал дагы парламенттин жыйынында өзүн ошондой сезчү. Советтик кинорежиссер Леонид Быковдун “Бой идут одни старики” деген фильмин көрдүң беле? Фильмдеги башкы каарман учкучтар эскадрильясынын командири капитан Алексей Титаренко (Маэстро) авиациялык полктун командири болуп дайындалып,полктун өздүк курамынын алдында сүйлөп жаткан учурда, анын механиги Макарыч (актёр Алексей Смирнов) жанындагы механиктерге “Өмүр бою полктун командири болгондой сүйлөп жатат” деп айткан сөзү бар. Асылбек дагы төрага учурунда “чу” дегенде эле өмүр бою парламенттин төрагасы болуп иштегендей Жогорку Кеңештин Регламентинин алкагынан чыкпай, нары-бери буйтатпай, бир жагына тартпай, жыйынды жогорку деңгээлде орусча дагы, кыргызча дагы түшүнүктүү сүйлөп, так алып барчу. Аны менен бир партиялаш, СДПК партиясынан депутат болгон адам катары ачык айтаар элем, “Кумтөр” маселесин 2012-жылы карап жатканда ал “мындай же андай” добуш берип коюңуздар” деп эч кимге басым дагы жасаган эмес, сураган дагы эмес. Башында айтканымдай, мен ошондо Садыр мырзанын долбоорун СДПК депутаттарынын ичинен жалгыз колдоп бергем. Эгерде азыр айтып жатышкандай “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргоп, лоббировать этсе, жок дегенде өзүнүн партиялаштарына, анын ичинде мага айтат эле да. Айткан эмес, “Исмаил аке, колдоп коюңуз…”деп суранган дагы эмес. Анан кайдагы лобби? Булардын логикасы менен иш кылса, Садыр мырзанын долбооруна каршы добуш бергендер менен такыр добуш бербей койгондордун бардыгына иш козгоп,отургузуш керек эле да. Туурабы? Каршы добуш берип же такыр добуш бербей койгондордун кээ бирлери менен табакташ болуп, мамлекетти башкарышып отурушпайбы?! Кана логика? Ошондуктан, бул жерде мындан башка дагы бир нече мандемдер бар экендиги ачылып калды.
– Сиздин бул айтканыңыз биринчи эле мандемби? Калган мандем-фактыларга кенен, катары менен токтолуңузчу?
– Экинчи мандем: “Кумтөргө байланыштуу Асылбек Жээнбеков эле эмес депутат Төрөбай Зулпукаровго козголгон тергөө иштери Башкы мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүүдө. Мурунку Конституциядан айырмаланып, жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүгүндө “Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес” так белгиленип турат.
Эң маанилүүсү: “Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет”. Башкача айтканда,эгерде 2017-жылкы Конституцияга ылайык депутаттарды өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу жок жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилсе, Садыр мырзалар өздөрү “сүдүрөп” кабыл алган азыркы Конституциянын талаптары ага жол бербейт. Конституция Кыргыз Республикасында жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонуларын юристтер гана эмес, баардык эл билет (6-берене).
Үчүнчү мандем: Конституциянын 102-беренесинин 1-бөлүгүндө “Сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз” деп так жазылып турат. Учурдагы мыйзамдар ошол эле Жазык жана Жазык-процесстик кодекстер Конституцияга карама-каршы келген бөлүгүндө колдонулбайт. Демек, депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду мыйзамсыз кармоо менен сот тарабынан бөгөт коюу чарасын камакка алууну тандоосу таптакыр мыйзамсыз. Кайрадан, Конституциянын нормасына карама-каршы чечим чыгарган сотту жана башка бийлик адамдарынын өздөрүн жазага тартуу керек. Туура эмес чечим чыгарган сот, соттук ишке киришип жатканда “Мен Конституциянын нормаларын жана мыйзамдарды ыйык сактайм” деп ант берген. Ошол сот антын бузду, мыйзамды бузду, Конституциянын 102-беренесин тебеледи. Ошого карабастан, ал сот дагы да адамдардын тагдырын чечип, элдин эсебинен үй бүлөсүн багып, арабызда чардап жүрөт.
Төртүнчү мандем: Конституциянын 57-беренесинин 1-пунктунда “Ар бир адам күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт” деп так жазылган. Тилекке каршы, мамлекеттик телеканалдар, өзгөчө бийликти колдогон сайттар аларды каралап, кандай гана ыплас сөздөр менен мазактап, соттун чечими жок туруп эмитен күнөөлүү дешип, эл арасында аларды “күнөөлүү” кылышканы аз келгенсип, үй-бүлө жана туугануруктарына кандай гана моралдык сокку урушуп, зыян келтиришти.
Бешинчи мандем: Конституциянын 66-беренесинин 1-пунктунда “Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили Президент” деп көрсөтүлгөн. Президентибиз (жалпы элди албаганда) Асылбек менен Төрөбай мырзалардын укуктарынын кепилдиги катары тергөө, мамлекеттик маалымат кызматтары жана сот бийликтери тарабынан Конституциянын 57, 78, 102-беренелери бузулуп, тебеленип жатса дагы Конституциянын нормаларын ордуна келтирүү жана экөөнүн укуктарын коргоо максатта Конституциянын нормаларын бузуп, тебелегендерге чара көрүш керек эле да. Чара көрдүбү? Жок. Укуктарын коргодубу? Жок. Президент чара көрбөсө, унчукпаса, биз эмне деп ойлошубуз керек? Албетте, элдин басымдуу көпчүлүгү “Аттиң, Президентибиз мыйзам бузгандарды колдойт турбайбы…” деп ойлойт да.
Алтынчы мандем: Конституцияны коргоочу “жоокерлер” Конституциялык соттун соттору жогорудагы конституциялык нормалардын одоно бузулгандарын билип турушуп билмексен, көрүп турушуа көрмөксөн болгондору эмнени айгинелейт? Аларга “жоокердик” милдеттерин так аткарышканы үчүн “рахмат” гана айтыш керек.
– Сиз бул фактылар менен Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров саясий негиз менен кармалып, куугунтукталып жатат деген негизге келип жатасызбы?
– Жогорудагы фактылардын (мандемдердин) негизинде Асылбек менен Төрөбай куугунтуктун каармандары болуп калды же алардан өч алуу максатта бийлик тарабынан атайын жасалып жаткан иш аракеттер деп тыянак чыгарсак болот. Мыйзам чегинде иштеген, мыйзамдарды ыйык тутуп, жалпы элге үлгү көрсөткөн бийлик мындай иш жасабайт. Бийлик бутактары Конституциянын нормаларынын жана мыйзамдардын алкагынан чыкпай иш алып барышса, бир дагы жаран кыңк-пыңк дебей, кайрадан аларды колдоого алат эле. Ошондо элдин биримдиги күчөп, өлкөбүздө стабилдүүлүк өкүм сүрүп, кыйынчылыктарга карабай өнүгүүгө жол ачмакпыз. Мен бийлик өкүлдөрүн мыйзамдын талаасынан чыкпай, жарандардын ар-намысына жана аброюна шек келтирбей иш алып баруусун сунуш кылат элем. “Нет более вреднего животного, чем человек, не следующего законом” деп 13-кылымдын экинчи жарымында жашаган италиялык диний жана саясий ишмер Джироламо Савонарола кандай гана таамай айтпаган. Биз мындайга жол бербейлик. Эгерде алардын күнөөлөрү болсо, анда мыйзам чегинде Жогорку Кеңештин уруксаты менен кармашып, тергөө иштерин жүргүзүшсүн. Эгерде Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын уруксаты жок болсо, анда үй камагына чыгарышып, тергөө иштерин дыкаттык менен бүтүрүшүп, соттук ачык териштирүүдөн кийин адилеттүү чечим чыгарышса, эл арасында бийлик бутактарына ишеним күчөмөк. Келгиле, баарыбыз биригип, өлкөбүздө мыйзамдуулуктун үстөмдүк сүрүшүнө аракет кылалы.
– Добуш берүү учурунда төрага тараптан депутаттарга кандай кысым болушу мүмкүн?
– Кысым деген өзүнө чакырып алып, коркутуп, мажбурлап, колу-бутун кайрып добуш бердирүү да. Бир депутат “Менин колумду кайрыган, мажбурлаган, ошол үчүн токтомду колдогон эмесмин” деп айттыбы? Парламенттин табиятына ылайык, фракциянын жетекчилери, фракциядагы депутаттар “Ушуну колдоп коёлу” деп айтышы мүмкүн. Бул нормалдуу эле процесс. Маселен, “КыргызГазды” сатып жатканда биз каршы чыгып, депутаттарды колдобоого чакырып, элге “Бул туура эмес” деп кайрылганбыз. Сен колдоп койгон элең деп эч кимди күнөөлөгөн жокпуз. Мен өзүм дагы ушул окуядан кийин “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзам жазып киргизгем. Бирок, менин мыйзамымды кабыл алган да жок, карашкан да жок. Мен бийликти күнөөлөп эле туруп калган жокмун. Депутаттардын жалпы добуш берүүсү менен маселе чечилип жатса кимди күнөөлөйсүң? Андай болбойт. Эгер депутатка добуш бергени үчүн күнөө коё берсек, парламенттин иштөө табиятын өлтүрүп коёбуз.
– Бешинчи чакырылыштын биринчи төрагасы Ахматбек Келдибековго дагы парламент кабыл алган чечим үчүн айып тагышкан. Асылбек Жээнбековго дагы парламент кабыл алган чечим үчүн айып тагылууда. Эки төрагага козголгон иштердин окшоштуктары барбы?
– Экөөсү тең күчтүү төрага болушкандар. Ахматбек мыкты уюштуруучу, парламенттин аброюн
көтөргөн төрага болгон. Аны дагы жумуштан алыш үчүн куугунтук кылышып, мыкты кадрларды
оюндан чыгаралы деген максат менен мыйзамсыз күнөөлөшкөн. Билимдүү, өзүн так алып
жүргөн адамдарды оюндан чыгаралы, булардын таасирлери бар деген ойдо атайын жасалып
жаткан иш болушу мүмкүн деген ой менде дагы жаралат. Окуя эки башка болгону менен
стратегиялык багыты бирдей. Эртели-кеч мунун баары жокко чыгат. Баары ордуна келгенден
кийин азыркы туура эмес иш кылгандар өздөрү уят болушат. Себеби, мыйзамдарды бузганы,
тебелегени ачык көрүнүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн