Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

11.08.2022 10:29
438
Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды


 

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, милициянын подполковниги Сагыналиев Исмайил Алмейсович Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Сагыналиевдин эки жогорку билими бар. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, 2008-жылы ИИМдин Академиясынын Юриспруденция багыты боюнча адистигин аяктаган. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызмат ордун аркалап келген. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт.  


 Исмайил Сагыналиев ички иштер органдарындагы кызматын Бишкек шаарынын ИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын полкунун милиционери болуп баштаган. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер, улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер катары ички иштер органдарынын бардык тармагында кызматын өтөп, жетекчилик кызмат орундарга чейин жеткен. 


 Чүй ОИИББдин ЭММКАКтын бөлүм начальниги, ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги болгон.

 

Ички иштер органдарында кызмат өтөө учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. 


 Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлү Жанбаев Нурлан Сатваевич болгон.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн