Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Италиянын премьер-министри коронавирус боюнча сурак берүүдө

11.06.2020 14:54
1003
Италиянын премьер-министри коронавирус боюнча сурак берүүдө


Италиянын премьер-министри Джузеппе Конте өлкөдө коронавирус пандемиясынын жайылуу жагдайын иликтөө алкагында Бергамо провинциясынын прокуратурасына суракка чакырылды деп маалымдады Euronews.


Джузеппе Конте өзү да ушул жума күнү көрсөтмө бергени бара тургандыгын жана өзүнө белгилүү болгон бардык фактыларды айтып берээрин тастыктады.


Өкмөт башчыдан сырткары, суроолорго жооп кайтаруу үчүн ички иштер министри Лучиана Ламоргезе жана саламаттыкты сактоо министри Роберт Сперанцу да күбө катары прокуратурага чакырылды.


Бул териштирүүнү инфекциянын чоң чордонуна айланган Бергамо провинциясында коронавирустун курмандыгы болгондордун жакын туугандары демилгелешкен. Алар өкмөт тийиштүү чараларды көрүү боюнча чечимди өтө кеч кабыл алган деп эсептешет.


Ал эми өкмөт карантинди Бергамонун администрациясы киргизиши керек болчу десе, алар өз кезегинде 8-мартка чейин бул маселе боюнча өкмөт алектенген деп жооп кайтарууда. 

Пандемия башталгандан бери Италияда вирус жуккан 235,7 миң учур катталып, 34 миң адам каза тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн