Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ыйык Рамазан айы. Депутаттар казино ачуу боюнча мыйзам долбооруна кайра добуш берүүнү сунушташты

21.04.2021 13:43
903
Ыйык Рамазан айы. Депутаттар казино ачуу боюнча мыйзам долбооруна кайра добуш берүүнү сунушташты


Бүгүн Жогорку Кеңеш Ысык-Көл аймагында чет элдиктер үчүн казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.


Добуш берүүгө 91 депутат катышып, 68и "макул" 23ү "каршы" добуш берген. 


Добуш берүүдөн  соң депутат Төрөбай Зулпукаров Рамазан айын эске салды. 


"Ыйык Рамазан айында турабыз. Казино ачууга макулдук берсек шайлоочулардын бетин кантип карайбыз? Орозодо Алла баарыбыздан ыраазы болуш керек", - деди.


Ал эми Айбек Осмонов мыйзам долбоорунун темасында "казино" деген сөз жок болгондуктан адашып добуш бергенин айтты. Ошондой эле Аккулу Бердиев кокустан "макулду" басып алганын айтты. 


Мындан сырткары, Рыскелди Момбеков да мыйзам долбоорун жок дегенде орозодон кийин койсо болмок деген сунушун айтты.


Бирок Бактыбек Турусбеков добуш берүү мыйзам чегинде өткөнүн билдирди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Темирбаев Ыманкул Кайымович
Чимкириктерден мындан башканы куткон эмеспиз. Булардын баарын атып салган адам бейиштин торунон орун алса керек.