Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 19:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ыйман, билим, маданият кеткен жерде популизм, башаламан коом түзүлөт

16.04.2021 11:48
1543
Ыйман, билим, маданият кеткен жерде популизм, башаламан коом түзүлөт


…Эмне үчүн өнүгө албай, эмне үчүн бактылуу боло албай жатканыбызды түшүнүп жатабызбы? Ырас, бүгүнкүдөй терс аяк коомдо «Сен өзүңдү бактысыз сезсең эле, башкаларды да бактысыз деп ойлойсуңбу?» деп беттен ала тургандар чыгат. Андайлар өзүнүн ашкере шумпайлыгын, заңгыраган хансарайын, баасы 100 миң долларды чапчыган жолтандабасын, кафе-ресторандардан түрлөп тамактанып, океандын жээгине барып эс алганын бакыт деп санайт. Анын баары карапайым элдин ырыскысынан уурдалып табылып жатканын түшүнгүсү келбейт.


Ошондой байлардын «ишмердүүлүгүнө» чаң жугузбай мактап, «Бул деген элге жардам берет, мыкты менеджер, кимиңер ушундай жардам берип жатасыңар» деген саясатын жүргүзүп, анан андан алып турган тыйынына курсант болуп жашагандар да арбын. Болбосо, мамлекеттик кызматтарда өмүр бою иштеп жүрүп, айлык акы менен ашынган байлык топтоп алууга мүмкүн эмес экенин жакшы эле билишет.


Дагы бирөөлөрү чет мамлекеттерден алган гранттар үчүн борбор калаада улам түрдүү акцияларды өткөрүп, анан «кожоюндарына» отчет берип алгандан кийин өзүн бактылуу сезет. Болбосо, алар деле чет өлкөлөрдөн алган акчалары үчүн өз мамлекетинин туруктуу өнүгүү жолуна түшүшүнө кедерги тийгизип жатышканын билишпейт деп ойлойсузбу? Билишет, болгону алардын минип жүргөн машиналары, жашап жаткан үйлөрү, бардар жашоолору ошол гранттарга байланып калганында кеп жатат.


Карапайым көпчүлүк да өз бактыларын өздөрү ар шайлоо сайын 1000-2000 сомго баалап сатышат. Анан кайра беш жыл бою наалып жашайбыз.


Ушундай көрүнүштөрдүн баары эмненин жыйынтыгы? 30 жылдын ичинде биз караңгы, ыймансыз, маданиятсыз коомду түзүп алганыбыздын жыйынтыгы. Баарыбыз жаңы үлгүдөгү технологияны колдоно алабыз. Алтургай айрымдарыбыз 3-4 тилде эркин сүйлөйбүз. Заманбап кийингенди билебиз. Бирок, бул нерселер биздин билимдүү, маданияттуу, ыймандуу экенибиздин белгиси эмес. Жаңы технологияны колдоно билүү, 3-4 тилде эркин сүйлөө билимдүүлүктүн көрсөткүчү эмес. Биз азыр ушул нерсени түшүнбөй жатабыз.


Эмне үчүн адамдар өз бактыларын ар башкача түшүнүп калды? Туура, бакыт деген, бактылуулук деген ар бир адамдын көз карашында ар башкача болот. Ошентсе да бактылуулуктун мамлекеттик деңгээлде бир багыты болушу жөн. Мамлекет өзү кайда баратканын билбей, ар кимдин жетегинде жүрүп калса, анан карапайым адамдар кантип бир максаттуу бактылуулукка умтула алат?


Кимдердин кандай жол менен байып, жакшы турмушта жашап жатканын көргөн азыркы ата-энелер балдарына кандай тарбия берет? Кайсыл ата-эне өз баласынын башкалардан кем болуп жашашын каалайт? Эч ким. Натыйжада баарыбыз эле балдарыбызды бай жашаган адамдардын мисалында тарбиялап калдык. Ал эми Кыргызстандагы бай адамдардын көпчүлүгү чиновниктер, же экс-чиновниктер, депутаттар, соттор, бажы кызматкерлери. Демек, азыр ар бир үй-бүлөдө келечектеги коррупционерлер тарбияланып жатат десек болот.


Ошентип элибизден ыйман кетти. Илгери бала тарбиялоодо «Уурулук кылба, ушак айтпа, калыс бол, чынчыл бол» деген насааттар көп пайдаланылса, азыр «өзүңө тың бол, таасирдүү адамдар менен жакшы мамиле түз, жемиңди жедирбе» деген насаат айтылат.


Абийирди таза сактоо, ар-намыска бекем болуу, улууга урмат кылуу, кичүүнү ызааттоо, мекенди сүйүү, элди сүйүү деген темада сөз жок. Отуз жыл ичинде билим берүү системабыз талкаланды. Азыр кимибиз отуз жыл мурдагыга салыштырмалуу билимдүү коом пайда болуп калды деп айта алат? Отуз жыл ичинде маданиятка, адабиятка өгөй баладай мамиле жасаганыбыздын натыйжасында ууру-кескилик, кылмыштуулук, зордуктоо, зомбулук, талап-тоноолор көбөйдү. Мунун баары коомду тарбиялоодо мамлекеттик саясаттын таптакыр жок болгонунан улам болду. Үй-бүлөдө баланы тарбиялагандай эле, мамлекетте да коомду тарбиялоо болушу керек эле. Тарбиялуу, маданияттуу, билимдүү коомдо бүгүнкүдөй популизм жок болмок. Кайра-кайра бийликти күч менен алмаштыруулар орун албайт болчу. Ак үй кайра-кайра талкаланбайт эле. Коррупционерлер, уурулар, шумпайлар элди төбөдөн карап турмак эмес.


Бүгүн да кеч эмес, өлкөнүн экономикасын көтөрүү аракети менен чогуу, коомду тарбиялоону да колго алуу зарыл. Ар бир жаран өзүнүн жасап жаткан ишинен ырахат алуу менен бирге мамлекетке да пайдалуу иш жасай тургандай болушу керек. Ууру, коррупционерлерди эл жек көрө тургандай, коомго кошпой тургандай тарбия керек. Муну жасоого болот. Болгону аны мамлекеттик бийлик өз колуна алышы керек.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн