Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 20:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Издөө салынат! Балыкчыда 18 жаштагы өспүрүм үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болууда

20.08.2021 10:29
648
Издөө салынат! Балыкчыда 18 жаштагы өспүрүм үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болууда

Балыкчыда 18 жаштагы өспүрүм үйдөн чыккан боюнча дайынсыз. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Балыкчы шаарынын милициясы жарандардан өспүрүмдүн кайда жүргөн жерин аныктоого жардам берүүнү суранышат.


Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан үстүбүздөгү жылдын 13-августунда болжол менен саат 11.00 чамаларында үйүнөн чыгып, бүгүнкү күнгө чейин кайра кайтып келбей, дайынсыз жоголгон, 04.10.2003-жылы төрөлгөн, жаш өспүрүм Садырбеков Азим Эрнисович изделүүдө.


Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см., көздөрү кара, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жумал, желкесинде тоголок формада калы бар.


Кийген кийимдери: ак футболка, кара джинсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийими.  


Кимде ким, өспүрүмдүн кайда жүргөнү жөнүндө маалыматы болсо, Балыкчы ШИИБне: (03944) 3-27-03, 0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44 байланыш телефондоруна, же болбосо 102 кызматына билдирип коюну суранышат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн