Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргызстанда кармалды

13.08.2020 16:05
971
Эл аралык издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Кыргызстанда кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн жана дайынсыз жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныкташты 


ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жакында ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.О. кармалды. Кармалган адам Кыргызстандын ЖПКнын негизинде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

Алынган маалымат боюнча  жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Эл аралык издөөгө алган Түркиядагы Интерпол  Улуттук борборлоштурулган бюросуна маалымдама берилди.  


Андан сырткары, Кыргызстандын Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам  иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелип, Түркиянын укук корго органдарынын кайрылуусу боюнча Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын жараны Х.Ч. кайда жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч. Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн