Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Издөөдө жүргөн “шектүү адам” Садыр Жапаровдун штабынан чыкты

09.12.2020 09:41
4380
Издөөдө жүргөн “шектүү адам” Садыр Жапаровдун штабынан чыкты


Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин экс-жетекчиси Юруслан Тойчубеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Бишкектеги офисинде жүргөнү белгилүү болду. Муну тастыктаган сүрөттү “Мегаком” компаниясынын жетекчисине жакында эле кеңешчи болгон Жапаровдун активдүү колдоочусу Төрөхан Жунусбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.  


Тойчубеков коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелип, ага Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калган. Эми мамлекетке бери дегенде 31 млн. сом зыян алып келген экс-чиновник президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун штабынан “табылды”. Укук коргоо органдары бул боюнча үн катабы?

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Садырдан чыкса еч нерсе болбойт.Ал Садырдын адамы да
Сабыр Тилегенов
Сен Адахамжондун адамысыңбы?Азыр чиновник,жеп кармалбай жүргөндөр көбү барат!Жан соогалап!Чекесинен камаш керек! 10.01 соң!!!