Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Израиль 1-августтан тарта чек араларын ачат

17.06.2020 23:52
485
Израиль 1-августтан тарта чек араларын ачат


Грециянын премьер-министри менен жолугушуу учурунда Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху чет элдик жарандар үчүн чек араларды 1-августтан тарта ачуу болжолдонуп жаткандыгын билдирди. Бул туурасында Израилдин Туризм министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянуу менен РИА “Новости” кабарлады.


Б.Нетаньяхунун айтымында, бул аракет коронавируска көзөмөл сакталган шартта гана ишке ашат. Биринчи кезектеги максат - аба каттамдары жандандыруу жана туризм тармагын калыбына келтирүү болуп саналат. “Ички туризм бир нече жумадан бери иштеп жатат”, - деп айтты Израилдин Туризм министрлигинин РФ жана КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Владимир Шкляр. Греция менен Израилдин ортосунда чек араны ачуу туристтер чыдамсыздык менен күткөн окуя болуп калат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн