Өкмөт бардык социалдык төлөмдөр толугу менен өз мөөнөтүндө каржылайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Коронавирус инфекциясынан жарандардын өмүрүн сактап калуу максатында иштерди ыкчам жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ооруканаларда кошумча орундарды даярдоодо, мүмкүн болушунча бейтаптардын баарына көңүл буруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктү жандандыруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө», - деди премьер.
Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана өпкөнүн сезгенишинен улам каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн