Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ӨКМ 103 млн сомдук карызынан кутулду. Кийинки жылы айлык көтөрүлөт

08.10.2021 14:37
913
ӨКМ 103 млн сомдук карызынан кутулду. Кийинки жылы айлык көтөрүлөт


2022-жылдын 1-январынан тарта ӨКМдин кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Каржы башкармалыгынын башчысы Анара Нурмамбетова билдирди.


Анын айтымында, кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселеси министр Бообек Ажикеев тарабынан көтөрүлүп, өлкөнүн бюджетине киргизилди.


“Мындан тышкары, ӨКМде көйгөйлөр арбын. Министр айлык акы менен чогуу башка каржылык маселелерди да чечүүгө кам көрүп жатат. 2017-жылдан бери топтолуп келген жалпы 103 млн сомдук карыздардан кутулуп, материалдык техникалык базасын чындады. Көп жылдан бери төлөнбөй келе жаткан аскер кызматкерлеринин кийим мүлкүнө, турак жай менен камсыздоодогу камсыздоочуларга болгон карыздары төлөндү”, - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн