Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ӨКМ Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жашар наристени издөө иштери боюнча маалымат берди

31.07.2022 23:00
936
ӨКМ Ысык-Көлдө чөгүп кеткен 4 жашар наристени издөө иштери боюнча маалымат берди


Бүгүн, 31-июлда 4 жашар наристени издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу КДМБдан 4 суучул, Чүй облустук башкармалыгынан 4 суучул, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 кызматкер дрон менен, Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 8 куткаруучу, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу жана буга кошумча саат 11:00дө Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу, Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу чыкты,деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы. 


Маалыматка ылайык, жалпысынан 37 куткаруучу тартылып, кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 21:30да издөө иштери токтотулган. Кызды издөө эртең 1-августта улантылат. 


Эске салсак, 18-июлда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көл жээгинде окуя орун алып, 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында  көлдүн толкуну алып кеткен.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн