Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
 - Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
 - Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107 чакырымында,
 - Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
 - Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында,
 - Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
 
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн