Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 06:47
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ӨКМ чек арадагы абалга байланыштуу адамдарды эвакуациялай баштады

27.01.2022 22:43
504
ӨКМ чек арадагы абалга байланыштуу адамдарды эвакуациялай баштады


Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр а/а Орто –Боз, Жака-Өрүк,Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай а/а Таш-Тумшук айылдарында жергиликтүү тургундарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуация жүргүзүүдө. Ошондой эле Смаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. 


Лейлек району Кулунду а/а Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергилиетүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда.


Аксай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында 4 Камаз, 2 спринтер жана пикап унаалары менен чыгып кетти.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн