Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:56
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

25.03.2024 13:44
100
ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 25нен 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн