Куткаруучулар ыкчам түрдө 81 жаштагы жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Термечиков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калган. Куткаруучулар эшик ачуу учурунда, батирдин 1941-жылы туулган ( Б.Е.) аттуу жашоочусу ( аял киши ) ордунан жыгылып, өз алдынча тура албай жатканын көрүшкөн. Куткаруучулар тарабынан жабыркаган жаранга алгачкы жардам көрсөтүлүп, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн