ӨКМ кызматкерлери Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган унааны чыгарып беришти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Таш-Көмүр шаары, Баетова көчөсүндө “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, жарга барып туруп калган. Жерине ӨКМнин 6 куткаруучусу тартылып, атайын техниканын жардамы менен унааны жолго чыгарып беришкен.
Жабыркагандар болгон жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн