Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы 1-январдан тарта көтөрүлөт

20.10.2021 14:36
588
ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы 1-январдан тарта көтөрүлөт

2022-жылдын 1-январынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.


Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, ӨКМдин кошумча жылдык талабы 312 млн 570 миң 699 сомду түзөт.


“Учурда башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы (оклад) 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн улук офицерлери 8 миң 900 сом жана бөлүмдөрдүн офицерлери 8 миң 600 сом алышат. Кийинки жылдан тарта бөлүм башчылар 16 миң 500 сом, бөлүмдөрдүн улук офицерлери менен офицерлери 13 миңден 13 миң 300 сомго чейин алышат”, - деди Ахматов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн