Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ӨКМ күтүлүп жаткан аба-ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

11.08.2022 10:45
535
ӨКМ күтүлүп жаткан аба-ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

11-12-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү ыктымал.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Абанын температурасы Чүй облусунда 26…31, Таласта 24…29 жылуу болсо, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 30…35 градус ысык болот. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө күндүн табы 24…29 градуска жетиши божомолонуп жатат.

Бишкекте түштөн кийин өткүн өтүшү ыктымал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн