Айрым маалымат агенттиктеринде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Казакстан берген ун боюнча терс сөздөрдү айтты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
24-июнда өткөн министрлер кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, тамак-аш тартыштыгынын алдын алуу үчүн Казакстан гуманитардык жардам катары берген 10 миң тонна унду буудайга алмаштырууну сунуштады.
Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин сунушу боюнча атайын механизм иштеп чыгууну тиешелүү тараптарга тапшырды.
Быйыл өкмөт дыйкандардан 150 тонна дан азыктарын сатып алуу пландаган. Бирок сугат суунун тартыштыгынан улам, түшүмдүн көрсөткүчү начарлап, пландалган дан азыктары чогулбай калуу коркунучу жаралууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн