Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек жана Жалал-Абаддагы кызыл зонадагы медиктерди ысык тамак менен камсыздоодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-июлунан тартып КР ӨКМдин Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктары тарабынан кызыл зоналарда иштеген медициналык кызматкерлер үч маал ысык тамак менен камсыздалууда.
“Жаңы даярдалган тамактар бир жолку идиштерге салынып, тамак пленкасы менен капталат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн