Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ӨКМ жаңы окуу жылына карата окуучуларга белек тапшырды

16.08.2022 12:11
314
ӨКМ жаңы окуу жылына карата окуучуларга белек тапшырды



Бүгүн 16-августта келе жаткан 1-сентябрь – Билим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде балдар үчүн майрамдык саамалык өттү. 


Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, министрликтин борбордук аппаратында, облустук башкармалыктарында ал тургай, райондук бөлүмдөрдө иштеген кызматкерлердин биринчи класска кирген балдарына китеп кап таркатылды. Китеп капта калем сап, дептер, карандаш сыяктуу окуу куралдары бар. Экономикалык оор кырдаалда мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерди колдоо, балдарына жардам берүү айтууга арзый турган саамалыктардын бири. Жалпысынан мындай колдоо 65 ата-энеге көрсөтүлдү.  


Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматкерлердин балдарына келечекте мыкты билим алып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон уул-кыздардан болушун жана аларга бактылуу балалык каалады.


“1-сентябрь – Билим күнүн баарыбыз майрам катары кабыл алабыз. Анткени бул күнү алгач мектеп босогосун аттап, биринчи жолу партага отургандан тарта балдар үчүн жаңы дүйнө ачылат. Андыктан, дүйнө таанымын жогорулатып балдарга билим берүү биздин милдет. Алар келечекте билимине жараша өлкөгө салым кошот”, - деген министр жыйындын жүрүшүндө балдарга белектерди тапшырды. 

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл өлкө боюнча болжол менен бир 165 миңден ашуун окуучу биричи класстын босогосун аттайт. Алардын катарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктарында, бөлүмдөрүндө иштеп, күндүр-түндүр өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулардын, суучулдардын, өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи класска барчу балдары толуктайт.  

        

Жакындап калган Билим күнүндө өлкөнүн дээрлик бардык мектептеринде окуучуларды билимге чакырган жаңы окуу жылынын алгачкы коңгуроосу кагылат. Жаңыдан мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучусун алгачкы коңгуроо билим дүйнөсүнө жетелейт. Салтка ылайык бул күнү башкалардан өзгөчөлөнүп, майрамдык маанайды мектепке алгач кадам таштагандар сезишет. Анткени өмүрүндө биринчи жолу мектеп партасына отуруп, айлана-чөйрө менен таанышууга, дүйнө таанымын кеңири жайылтууга, эң башкысы инсан, адам болуп калыптанууга жол ачылат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн