"Евразия-Антитерро – 2023" антитеррордук машыгуусуна КМШга мүчө 11 мамлекеттин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин – Армениянын, Беларустун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын компетенттүү органдары катышууда.
Бишкекте КР УКМК тарабынан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биргелешкен алгачкы "Евразия-Антитерро – 2023" антитеррордук машыгуусу өткөрүлүүдө.
Машыгуу күн мурун Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясынын алкагында өтүп жатат.
Машыгуулар кээ бир машыгуу тапшырмаларын бир убакта аткаруу, бир ой-максатка жана жагдайга, ошондой эле аларды өткөрүү орду жана убактысы дал келген эки эл аралык уюмдун өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн