Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдары Бишкекте өтөт

07.07.2023 15:58
241
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдары Бишкекте өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдык иштери талкууланды.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга аппараттын бөлүм башчылары, тиешелүү мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Парламенттин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев эл аралык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык сунуш-пикирлерди эске алуу керектигин айтып, белгиленген планды так, убагында аткарууга чакырды.

Анын ичинен КМШ ПААнын отурумдарын уюштурууга багытталган иш планы менен тааныштырып, аткарылчу иштерге кимдер жооптуу экенин тактады.

Эскерте кетсек, быйыл күздө КМШ ПААнын Кеңешин жана 56-пленардык жыйынын Бишкекте өткөрүү мерчемделген. Анда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн