Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ӨКМдин өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кызматкери Канат Молдосанов каза болду

17.07.2020 14:05
1026
ӨКМдин өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кызматкери Канат Молдосанов каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Молдосанов Канат Жумабекович 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Молдосанов Канат Жумабекович 1978-жыл 3-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылында туулган. Билими атайын орто, 1995-жылы № 47 кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.


Эмгек жолу:


- 1996-1998-жылдары № 22058 аскердик бөлүгүндө айдоочу; 


- 1999-жылдын январь айынан тарта Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекттик кызмат бөлүмүнүн №8 адистештерилген бөлүгүндө айдоочулук кызматтарда аркалап, бүгүнкү күндө бөлүмдүн улук техниги кызматында иш алып барып келген.


Улук прапорщик Канат Молдосановдун алган сыйлыктары:


- 2009-жылы ӨКМдин «Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы менен, «Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган;


- 2012-жылы Президенттин атайын сааты менен сыйланган; 


- 2013-жылы «Кынтыксыз кызматы үчүн II-даражадагы» медаль менен сыйланган; 


Канат Молдосанов үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Улук прапорщик Канат Молдосановдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен З.Аскаров, Д.Алимбеков, А.Мамбетов, Р.Рысбаев, К.Ахматов, А.Чаргынов, Б.Оторбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты көнүл айтат. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Марал Керимова
Абдан жакшы адам болчусун, омурун кыска экен. Жанын Жаннатта болсун..