28-апрелден 30-апрелге чейин Кытайдын Фанченгган шаарында "Медициналык инновациялар жана кызматташтык - 2025" эл аралык форуму өтүүдө.
Иш-чаранын 29-апрелдеги ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов жана министрдин кеңешчиси Элнура Боронбаева катышты.
Манас Токтомуратов куттуктоо сөзүндө саламаттыкты сактоо тармагында эл аралык тажрыйба алмашуунун жана өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, форумдун катышуучуларына жемиштүү иш жана ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү каалады.
Форум саламаттыкты сактоо министрликтеринин, алдыңкы илимий жана медициналык мекемелердин, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн алдыңкы билимдерин жана медициналык чечимдерди алмашуу аянтчасына айланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн