Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

КР делегациясы ШКУнун баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча иш-чарасына катышты

22.03.2024 15:58
361
КР делегациясы ШКУнун баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча иш-чарасына катышты


Вена шаарында Кыргызстандын делегациясы ШКУнун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча атайын иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен Билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара БУУнун Баңгизат каражаттар боюнча комиссиянын 67-отурумунун алкагында өтүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, террорчулукка жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө практикалык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.

Иш-чарага БУУнун БКБнын координациялык бөлүмүнүн башчысы Тофик Муршудлу, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Шухрат Собирзода, ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар коопсуз жана туруктуу келечек куруу үчүн жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча улуттук күч-аракеттерди активдештирүү жана эл аралык күч-аракеттерди колдоо, анын ичинде баңгизаттардын, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын жана терроризмдин өз ара байланышкан көйгөйлөр чечүүгө багытталган практикалык чараларды кабыл алуу макулдашылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн