Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:56
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

КР менен АӨБ айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту

14.12.2023 11:19
730
КР менен АӨБ айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту


Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 млн доллар каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда министр Алмаз Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүчүлүнүн директору Чжэн Ву “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү” долбоору боюнча эки тараптуу кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюшту.

Аталган долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 40 млн АКШ доллары каржыланат, анын ичинен 20 млн доллары грант болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алмаз Бакетаев бүгүнкү күндө каржы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу жана айыл чарба тармагын колдоо максатында республикалык бюджеттен 17 млрд сом "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча каралганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте багбанчылыкта кошумча нарк чынжырынын катышуучуларын колдоо боюнча долбоору иштелип чыккан. Долбоордун максаты - катышуучу каржы институттары аркылуу нарк чынжырынын катышуучуларына насыя берүү.

Анын ичинен 3 млрд сомдон ашууну (36 млн АКШ доллары) тандалган кошумча нарк чынжырчасынын катышуучуларына жеңилдетилген кредиттерди берүүгө каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн