Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

КР менен БАЭнын ИИМ башчылары кызматташтык маселесин талкуулашты

23.10.2021 11:01
1309
КР менен БАЭнын ИИМ башчылары кызматташтык маселесин талкуулашты


Бүгүн, 23-октябрда Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - КРнын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.

Ошондой эле Улан Ниязбеков, азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгилеп, бул багыттагы БАЭнин Ички иштер министрлигин реформалоо жүргүзүүсүнүн жогорку технологиялык заманбап деңгээлге чыгышы кыргыз тарапка өзгөчө кызыктуу экендигин айтып, ишмердүүлүктөгү тажрыйба алмашууга чакырды.

Өз кезегинде, БАЭ Ички иштер министрлигинин башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн