Баш оона 23, 2025
Убакыт: 16:08
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

КР менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

14.12.2023 09:15
388
КР менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө бере турган Кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Финансылык каражат жалпы узундугу 93 км болгон “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоорунун бөлүгүн каржылоого жумшалат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн