Ош шаарында КРнын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан
Жарматова коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгердин орун басары 65 жаштагы Темиркан Жарматова каза болду. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери болчу. 1979-жылдан бери Ош облустар аралык ооруканасында эмгектенип келген, - деди Акматова.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн