Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Качыке Эсенканов Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

11.02.2022 15:36
686
Качыке Эсенканов Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Эсенканов Качыке өз каалоосу менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн