Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кадамжай районунда бодо мал уурдаган жарандар кармалды

12.04.2022 10:11
645
Кадамжай районунда бодо мал уурдаган жарандар кармалды

“Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө мал уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан “Мал ууру” иш-чарасы өткөрүлүп, тамактануучу жайлар, мал базарлар, соода-сатык дүкөндөр бир катар текшерүүлөрдөн өттү.


Мурда кылмыш жасап сот жоопкерчилигине тартылып, милициянын каттоосунда турган жарандар менен менен кылмыштын алдын алуу иштери боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

“Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө 2022-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган түнү Майдан айыл аймагынын тургунун мал сарайындагы бир баш ноопазын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган фактынын бети ачылып, А.Масалиев айыл аймагынын Какыр айылынын 19жаштагы А.А. жана 25жаштагы С.А.лар аныкталып кармалып, уурдалган мал өз ээсине кайтарылып берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн