Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 22:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кадамжай районундагы айылдарда ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

04.03.2022 11:27
1451
Кадамжай районундагы айылдарда ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы Майдан айылында ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кадамжай РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы район борборунан 60 чакырымдан алыстыкта жайгашкан Майдан айыл аймагынын тоолуу айылдарындагы айыл тургундарына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытындагы чыккан Жарлыгын жарандарга жеткирип, элет жериндеги кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тоолуу аймактардагы тургундардын мал-жандыктарына сак болууга, үй-бүлөлук зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана алардын жаза чараларын элдерге жеткирүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан 5 кайрылуу келип түштү.


Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагындагы тургундарга дагы жогорудагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) негизинде 2 атуулга протоколдор толтурулуп, чаралар көрүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн