Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кадамжайда 16 ишкер өзүм билемдик менен кооптуу жайга соода объектилерин салып алган

19.04.2023 09:38
427
Кадамжайда 16 ишкер өзүм билемдик менен кооптуу жайга соода объектилерин салып алган

Жер мыйзамдарын одоно бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалым болгондой,  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды. 


Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн