18-июль күнү саат 19:00дөр чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай районунун Майдан жана Керге-Таш айылдарында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Майдан айылынын сел жүрүүчү Чокой сайында, Ак-Чечек сел жүрүүчү сайдын, Кызыл-Булак сел жүрүүчү сайдын сел суулары ар жерлеринен бузуп калган жерлерин кум шагылга толгон. Ошондой эле ички чарбалык жолдору, Керге-Таш айылынын Керге-Таш сел жүрүүчү сайдын жана ички чарбалык жолдун ар жеринен бузулган.
Жерине селдин кесепеттерин жою үчүн №46 ЖТИ ишканасынан 1 даана грейдер, жеке менчик тарабынан 3 камаз, 2 эксковатор, жергиликтүү эл тарабынан 30 адам тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн