Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кадамжайда өспүрүмдөр менен милициянын ортосунда тегерек стол өткөрүлдү

24.02.2022 11:47
523
Кадамжайда өспүрүмдөр менен милициянын ортосунда тегерек стол өткөрүлдү

Өспүрүмдөр менен милициянын ортосунда тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кадамжай РИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен Марказ айыл аймагында жайгашкан “Кыргызстандын 10жылдыгы”, “К.Саттаров”, “С.Баюми”, Мирзо Улугбек”, “Айрыбаз” атындагы орто мектептердин 9-10-11-класстарына кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында милиция кызматкерлери менен тегерек стол болуп өттү.


Тегерек столдун жүрүшүндө окуучулар тарабынан ар түрдүү суроолор берилип, милиция кызматкерлери канааттандырарлык жоопторду беришти. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо үчүн диспуттар, талкуулар болду.


Былтыркы жылы Марказ айыл аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 1 тоноочулук, 2 ээнбаштык иши катталган болчу. Байылкы жылдын 2 ай ичинде жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштар катталган эмес.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн