Кадамжайда "Ууру" ыкчам иш-чарасында ар бир кожолук текшерилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ууру" ыкчам иш-чарасынын негизинде Кадамжай РИИБнин кызматкерлери 10 топко бөлүнүп, район аймагындагы жашаган тургундарга паспорттук режимдерди өткөрдү. Ошондой эле мал союп саткан жайлар, мал ташыган унаалар, темир жыйнаган жайлар, автоунаа оңдогон бекеттер кылдаттык менен текшерилип чыгып, түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.
Мындан сырткары ар бир кожолукка киришип, мал-жандыктарын, үй мүлктөрүн кароосуз калтырбоо жагы эскертилди. Мурда сот жообуна тартылган 30 атуул менен баарлашып, профилактикалык иштер өткөрүлдү.
Кадамжай районунда жүргүзүлгөн "Ууру" ыкчам иш-чарасынын алкагында 2 уурулук кылмышынын бети ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн