Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:23
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Кадамжайда рейддин жүрүшүндө 16 уурулуктун бети ачылды

14.03.2022 11:34
972
Кадамжайда рейддин жүрүшүндө 16 уурулуктун бети ачылды



Кадамжай РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери район аймагында “Бандит” аталышындагы шарттуу иш-чарасын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган мал уурулук боюнча бир топ ыкчам иштерди жүргүзгөн. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында мурда катталган 16 факт мал уурулуктун бети ачылып, Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын жарандарынан биргелешип түзүлгөн топ кармалды. Жалпысынан Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучуларга 2571000 сом зыянга учураган. 


Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы А.О., Өзбек республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун 20 жаштагы М.А., 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы Х.И. жана 30 жаштагы Т.М. аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. 


Ошондой эле “Бандит” шарттуу иш-чаранын жүрүшүндө район аймагына өткөрмө посттор коюлуп, автоунаалар текшерилип Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 7 айдоочуга айып пулдар салынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн