Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кафеге акча төлөөдөн баш тарткан. Ырчы Иса Өмүркулов милиция бөлүмүнө жеткирилди

24.11.2021 12:05
733
Кафеге акча төлөөдөн баш тарткан. Ырчы Иса Өмүркулов милиция бөлүмүнө жеткирилди

Бишкектеги «Koreana» кафесинде ырчы Иса Өмүркулов акча төлөөдөн баш тартып, артист менен кафенин кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги билдирди.


 Маалыматка ылайык, Өмүркулов тамактануучу жайда кыздар менен эс алып бүткөндөн кийин акча төлөбөй койгон.


«Өзү жана кыздар үчүн акча төлөй турганын айткан. Бирок кыздар кеткенден кийин ырчы жалгыз калып, өзү үчүн гана акча төлөп, кыздар үчүн акча төлөөдөн баш тарткан», - деп билдиришти кафенин кызматкерлери.


Кафеге милиция чакырылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Өмүркуловду милиция бөлүмүнө алып кетишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн