Калыбек Жумадылов Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент бүгүн кол койгон. Чиновник өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.
Калыбек Жумадылов 2021-жылдын май айында облустук кадрдык резервден ротациянын жүрүшүндө аким болуп дайындалган. Былтыр Мамлекеттик кадр кызматы Ысык-Көл облусунун башчысы кызматка атайын сынаксыз келгенин тастыктаган. Бирок кийин Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик бул фактыны четке каккан.
Эске салсак, 1127 эс алуу жайынын (пансионаттар, санаторийлер, мейманканалар, конок үйлөр, жатаканалар) 852си Ысык-Көл районунда жайгашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн