Кыргызстанда 2022-жылдын 1-январынан 9-январына чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Келерки жылдын бекитилген календарына ылайык, 1-январдан 9-январга чейинки күндөр иштебейт деп жарыяланды. 10-январдан тарта өлкө боюнча бардык калкты тейлөө жана ЖААКтар иштей баштайт.
Бөлүм жарандарды алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен документтик иштерин алдын ала пландоого чакырат.
Ошол эле учурда 31-декабрда бардык калкты тейлөө борборлорунун иш графиги бир саатка кыскарып, саат 17:00дө жабылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн