Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Калкты тейлөө борборлорунун мобилдик топтору 4 күн аймактарда калкты тейлейт

12.03.2021 11:49
623
Калкты тейлөө борборлорунун мобилдик топтору 4 күн аймактарда калкты тейлейт

Борбор калаада калкты тейлөөчү мобилдик борборлор 16-19-март күндөрү  бишкектиктердин биометрикалык маалыматтарын топтоп, жашаган жери боюнча каттап, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.


Жарандарга аталган мобилдик борбордо кошо жүргөн БШК мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке боло турчу шайлоо тууралуу да маалымат беришет.


Калкты тейлөөчү мобилдик борборлордун иштөө графиги:

16-март

Ленин району, Ленин райондук мамлекеттик администрациясы. Саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

"Ош" базары. Саат 14:00дөн 18:00гө чейин.


17-март

Биринчи май району


Ак-Босого жаңы конушу, МАБ (МТУ)-16. Саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Ак-Босого жаңы конушу, МАБ (МТУ)-15. Саат 14:00дөн 18:00гө чейин.


18-март

Октябрь району


Рухий-Мурас жаңы конушу. Саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Көк-Жар жаңы конушу. Саат 14:00дөн 18:00гө чейин.


19-март

Свердлов району


Ак-Жар жаңы конушу. Саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Дордой жаңы конушу. Саат 14:00дөн 18:00гө чейин.


Чүй облусу, Аламүдүн району

16-март, Лебединовка айылы;

17-март, Ленин айылы;

18-март, Таш-Мойнок айылы;

19-март, Аламүдүн айылы.

Калкты тейлөөчү мобилдик борборлордун кызматкерлери документтерди кичи автобустун ичинде кабыл ала турганы айтылды. Ал жакта тиешелүү жабдуунун баары бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн