Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Камчы Көлбаевдин кымбат автоунаалары аукционго коюлду

21.11.2023 16:07
146
Камчы Көлбаевдин кымбат автоунаалары аукционго коюлду


Камчы Көлбаевдин кымбат автокөлүктөрүн аукционго коюп, сатышат. Бул туурасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматынан кабарлашты.


Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат.


Ага катышууну каалагандар 20-ноябрдан 11-декабрга чейин арыз калтырса болот.


Темир тулпарлардын бийлик сунуштаган баштапкы баасы:

• 2021-жылкы BMW Alpina XB7 — 18 млн. сом;

• 2019-жылкы Hyundai Genesis — 2,8 млн. сом;

• 2019-жылы Kia Rio X-Line — 1,15 млн. сом;

• 2017-жылкы Mercedes-Benz S600 — 25,5 млн. сом;

•  2013-жылкы Mercedes-Benz G500 — 5,4 млн. сом;

• 2005-жылкы Toyota Land Cruiser Prado — 1, 25 млн сом.


Алты автоунаанын жалпы баасы азырынча 54,1 миллион сом болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн