Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууну көздөгөн 37 жаштагы Өгүз каймана аттуу Б.А.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу Көлбаев үчүн өч алуу ниетинде массалык башаламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси менен иш козголуп, Б.Э.Б. Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген. Учурда кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Өгүз буга чейин адам уурдоого, баңгизатты мыйзамсыз даярдоого айыпталып соттолгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн