Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр маселеси боюнча Женевага учуп кетти. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, Ташиев Женевада Кумтөр маселесин талкуулайт.
" Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, Кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн